2012-жылы «Республика» фракциясы тарабынан 72 мыйзам долбоору демилгеленген

2012-жылы "Республика" парламенттик фракциясынын депутаттары тарабынан 72 мыйзам долбоору демилгеленип, алардын 33ү кабыл алынды. Ал эми калган мыйзам долбоору кароодо турат. Мындан сырткары, фракция депутаттары 131 мыйзам долбооруна демилгелеш болду. Алардын 37 мыйзам долбоору кабыл алынды. Бул тууралуу "Республика" парламенттик фракциясынын катчылыгы билдирет.

Отчеттук мезгил аралыгында "Республика" фракциясы тарабынан Жогорку Кеңештин 6 токтом долбоору даярдалды. Ал эми дагы 22 токтом долбоорлоруна демилгелеш болду.

Аталган фракциянын депутаттары тарабынан 10 парламенттик жана 30 коомдук угуулар өткөрүлдү. 38 маалымат жыйындары менен 41 тегерек стол уюштурулду. 2012-жылы 5510 жаранды кабыл алып, 464 жаран коомдук кабылдамада болгон.

Жыл ичинде фракция өкүлдөрүнө 2254 арыз жана оозеки кайрылуулар келип түшкөн. Алардын ичинен 1642си оң жагына чечилип, айрымдарына материалдык жана башка колдоолор көрсөтүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД