Ошто күчү 4,4 балл болгон жер титиреди

Кечээ, 8-январда, саат болжол менен 16:45те Ош облусунда күчү 4,4 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун маалыматына таянуу менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жердин силкиниши Карамык айылында– 4,4 балл, Жекенди жана Кара-Тейитте – 4,4, Доорат-Коргондо – 3,5, Кызыл-Кыя шаарында– 3, Баткене 2,5-3 балл болгон. Алдын ала маалыматтарга боюнча кыйроолор катталган жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД