2012-жылы “Ата Журт” фракциясынын депутаттары 37 мыйзам долбоорун демилгелеген

2012-жылы "Ата Журт" парламенттик фракциясынын депутаттары 37 мыйзам долбоорун демилгеленген. Мындан сырткары, депутаттар 68 мыйзам долбооруна демилгелеш болушту. Бул тууралуу "Ата Журт" фракциясынын катчылыгы билдирет.

2012-жылда фракция депутаттары 9557 жаранды кабыл алган, ошондой эле 202 жаран фракциянын коомдук кабылдамасына кайрылган.

Фракция депутаттарынын дарегине жыл ичинде 4233 арыз жана оозеки кайрылуулар келген. Кайрылуулардын айрымдары боюнча материалдык жана башка жардамдар көрсөтүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД