2012-жылы “Ар-Намыс” фракциясынын депутаттары 10513 жаранды кабыл алган

2012-жылы фракция депутаттары 10513 жаранды кабыл алган, ошондой эле 4013 жаран фракциянын коомдук кабылдамасына кайрылган.

Андан сырткары өткөн жылы "Ар-Намыс" парламенттик фракциясынын депутаттары тарабынан 73 мыйзам долбоору демилгеленип, алардын 27си кабыл алынган. Депутаттар 230 мыйзам долбооруна демилгелеш болушту. Алардын 35и кабыл алынды. Бул тууралуу "Ар-Намыс" фракциясынын катчылыгы билдирет.

Фракция депутаттары тарабынан 10 парламенттик угуу жана 30 коомдук талкуу өткөрүлгөн. 35 маалымат-жыйын жана 39 тегерек стол уюштурулган.

Фракция депутаттарынын дарегине жыл ичинде 5414 арыз жана оозеки кайрылуулар келген. Алардын 5242си каралган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД