2012-жылы “Ата Мекен” фракциясына 8120 арыз келип түшкөн

2012-жылы "Ата Мекен" парламенттик фракциясынын депутаттары 69 мыйзам долбоорун демилгеленип, алардын 42си кабыл алынган, 27си каралууда. Мындан сырткары, депутаттар 55 мыйзам долбооруна демилгелеш болуп, алардын 29 кабыл алынды. Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын катчылыгы билдирет.

Фракция депутаттары тарабынан 5 парламенттик угуу жана 42 коомдук талкуу өткөрүлгөн. 15 маалымат-жыйын жана 50 тегерек стол уюштурулган.

2012-жылы фракция депутаттары 7409 жаранды кабыл алган, ошондой эле 593 жаран фракциянын коомдук кабылдамасына кайрылган.

Фракция депутаттарынын дарегине жыл ичинде 8120 арыз жана оозеки кайрылуулар келген. Алардын 5973ү оң жагына чечилип, айрымдарына материалдык жана башка жардамдар көрсөтүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД