Нефтетрейдерлер Айыл-чарба министрлигин маалында май менен камсыздап турат

Кечээ, 9-январда, Айыл-чарба жана мелиорация министрлиги менен Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы меморандумга кол коюшту. Ага ылайык, Айыл-чарба министрлиги нефтетрейдерлер ассоциациясына маалында облус, райондордун күйүүчү майга болгон керектөөсү тууралуу маалымат берип турат. Өз кезегинде нефтетрейдерлер ассоциациясы нефтебаза жана май куйуучу жайларды керектүү көлөмдөгү күйүүчү жана майлоочу май менен камыздап турат. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Белгиленгендей, тараптар ортосундагы биринчи келишим 2012-жылдын башында түзүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД