Талас облусунда 160 кой-эчки сууга түшүп кеткен

Үстүбүздөгү жылдын 6-январында саат 18:00 чамасында Талас облусунун Кара-Буура районунун Чоң-Кара-Буура айылында бир көчөдө жашаган 10 тургундун майда мүйүздүү малын (кой, эчки) акы алып кайтарган койчуманы 200-240 малдын башын кайрый албай, жука тоңуп турган БДРдин (Бассейн декантного регулирования) үстүнө жайылып кетип, натыйжасында муз сынып, 150-160 баш мал түшүп кеткен. Айыл башчы, ветеринардык адис жана айылдын тугундары тарабынан малды суудан чыгаруу иштери уюштурулуп, малдын ээлери тарабынан элге эт катары таратылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басмасөз кызматы билдирди.

2013-жылдын 8-январы күнү БДРдин ичинде калып калган 12 кой чыгарылып, өз ээлерине берилген. Ветеринар адистин маалыматына караганда сууга түшүп кеткен мал эч кандай оору менен ооруган эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД