“Түндүк электрдин” адистерин электр жарыгын туура эмес колдонгондор коркутууда

Электр энергиясына болгон төлөмдү төлөбөгөн кээ бир кардарлар энергия сатуу кызматынын испекторлоруна карата күч колдонуп, кээде итине талаткан учурлар болгон. Андан сырткары алар компаниянын кызматкерлери арматура, мылтык өңдүү нерселер менен да коркуткан учурлар катталган. Бул тууралуу "Түндүк электр" ААКтын басмасөз кызматы билдирди.

2012 жылдагы болгон окуялардан

Январь. Аламүдүн ЭТРинин электр куроочусу Умарбеков Тимурлан дебитордук карызы боюнча электр энергиясын өчүрүп жаткан учурда, күч колдонуп бир нече киши сабагандыктан мээси чайкалып Чүй областтык ооруканага түшкөн.

Февраль. "Түндүк электр" ААК Талас филиалынын шаардык тармагынын электр курооочусу Узен уулу Азамат дебитордук карызы бар электр кардарлардын электр энергиясын өчүргөндөн кийин, сабалып баш мээсинен шишик алып Талас областтык ооруканага келип түшкөн.

Май айында Сокулук районундагы Ново-Павловка айылында мыйзамсыз кийим тигүүчү цехти энергия сатуу кызматынын инспектору Нурбек Омуралиев аныктаган жерден сабап кетишкен.

Ноябрда Бишкек шаарынын Ленин районунун инспектору Асылбек Сабиров итке таланган.

Декабрда "Түндүк электр" ААК Талас филиалынын шаардык тармагынын электр курооочусу Узен уулу Азамат дебитордук карызы бар электр кардарлардын электр энергиясын зымтиректен өчүргөнүнөн сабашкан.

Эскерте кетсек, 2013 жылы 7-январда "Түндүк электр" ААК катардагы рейддеринин биринде Коомдук телерадиокорпорациясынын журналисттери Асанакунова Ширинди, Пусурманкулова Бурулайды сабап кетишкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД