Улуттук банктын Башкармасынын мүчөлөрү дайындалды

10-январда КР президенти Алмазбек Атамбаев Улуттук банктын Башкармасынын мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө буйруктарга кол койду.

Ага ылайык, Жусупов Тимур жана Садыркулова Айжан КР Улуттук банкынын Башкармасынын мүчөсү кызматына дайындалды.

Президенттин башка буйругу менен Цыплакова Лариса Улуттук банктын Башкармасынын мүчөсү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД