Кыргызстанга импорттолчу куралдарды салыктан бошотуу боюнча мыйзамга кол коюлду

Курал жаракты, аскер техникасын, аскердик мүлктү, атайын техниканы жана атайын каражаттарды КНСтен (НДС) жана бажы төлөмдөрүнөн бошотуучу мыйзамга кол коюлду.

10-январда КР президенти Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын бир катар мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Бул мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 20-декабрында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, ишмердиги КР мамлекеттик бюджетинен каржыланган мамлекеттик органдар жана уюмдар Кыргызстандын коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздугун жана укук тартибин камсыз кылуу максатында өлкөгө импорттолуучу куралдар, аскердик техникалар, аскердик мүлк, атайын техникалар жана атайын каражаттар КНС төлөөдөн (НДС) жана бажы төлөмдөрүнөн бошотулат. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД