Төрага Сохтогу абалды иликтөө үчүн жумушчу топ түздү

Кечээ, 10-январда Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбековдун буйругу менен "Чарбак" чек ара тосотунда болгон абалды жана Баткен облусунун Сох анклавында түзүлгөн кырдаалды иликтөө үчүн атайын жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жумушчу топтун курамына төраганын орун басары Төрөбай Зулпукаров, депутаттар – Улукбек Кочкоров, Эгемберди Эрматов жана Назаралы Ариповдор киришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД