Шашылыш эскертүү

11-январдан 13нө чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137 км, 198-265 км), Мырзаке-Каракулжа-Алайкуу (45-90 км, 145-150 км), Каракол-Эңилчек (45-90км) тоолуу унаа жолдорунда кар көчкүсү, кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо сунуш кылынат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басмасөз кызматы билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД