ИИМ милициянын полковнигин өлтүргөн кишинин фотороботун жарыялады

Ички иштер министрлиги ИИМдин түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын бөлүм башчысы милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди өлтүргөндөрдү издөө иштери тууралуу билдирди.

Маалымдалгандай, окуяга күбө болгондор суракка алынып, куралдуу кол салуунун жагдайы текшерилүүдө.

Ошондой эле жашы 20-25 чамасындагы бир шектелүүчүнүн фотороботу түзүлдү. Экинчи шектелип аткан киши 30 жаштарда.

Эскертсек, кечээ кечки саат 8дер чамасында полковник үйүнүн жанынан атылып өлтүрүлгөн. Окуяны иликтөө үчүн ведомстволор аралык ыкчам-иликтөө тобу түзүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД