Жогорку Кеңештин төрагасы Баткен облусунун тургундарын кабыл алды

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 12-январда Сох (Өзбекстан) анклавынын жанындагы "Чарбак" чек ара тосотунда болуп өткөн окуянын негизинде келген Баткен облусунун Жаш-Тилек, Сай, Бөжөй, Таян айылдарынын тургундарын кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Жолугушууда аталган айылдардын тургундары келечекте ушул сыяктуу конфликтүү кырдаалдарды четтетүүгө багытталган бир катар маселелердин чечилишинин зарылдыгын белгилешти. Алар мамлекеттик чек араны бекемдөө, Сох анклавын айланып өтүүчү жолдун курулушу, күч түзүмдөрүн ишмердүүлүгүн күчтөндүрүү керектигине токтолушту. Ошондой эле Бел-Сөгөт – Өтүкчү, Сай – Сырт-Ормош жолдорунун курулушу боюнча долбоорлорду бүткөрүүнү үстүбүздөгү жылдын республикалык бюджетине киргизүүнү сунушташты. Мындан сырткары, айыл тургундарына жер бөлүү маселеси дагы көтөрүлдү.

Өз кезегинде төрага түзүлгөн кырдаал депутаттардын көзөмөлүндө экенин айтып, кырдаалды иликтөө үчүн жумушчу топ түзүлгөнүн белгиледи. Ошону менен катар төрага Баткен облусуна Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин көчмө жыйындары өткөрүлөөрүн кошумчалады. Жээнбеков Баткен облусунда айланып өтүүчү жолдун курулушу башталышы керек деген пикирге кошулаарын, бул максатта бюджеттен каражат каралаарын билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД