Милициянын полковнигин өлтүрдү деп шектелген киши кармалды

Кечээ, 13-январда, Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери 1988-жылы туулган К.Ж. аттуу жаранды кармашты. Ал буга чейин да бир нече жолу сот жообуна тартылган. Андан сырткары мыйзамсыз курал сактаганы үчүн да кармалган. Бул тууралуу МУККнын ЖМК жана коом менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган адам генерал Толкунбек Шоноевди өлтүрдү деп негизги шектелгендерден. Учурда тергөө иштерин жүргүзүү боюнча маселе чечилүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД