Казакстандан күйүүчү майды аткезчилик жол аркылуу сордуруп алган түтүк табылды

Кечээ, 13-январда, Чүй облусундагы "Токмок" чек ара тосотунун аймагынан узундугу 400 метр болгон нефти түтүгү табылды. Ал аркылуу коңшу Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз түрдө күйүүчү май сордурулуп алынып турган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖМК жана коом менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалымдалгандай, чек арачылар түтүкту таап, аны тийиштүү органдарга өткөрүп берген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД