2014-жылдан баштап бардык жарандар салык боюнча декларация бере баштайт

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде КР өкмөтүнүн "КР Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" мыйзамга түзөтүү киргизүү демилгеси каралып, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Исхак Масалиев кечээ,14-январда, маалымат берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, өкмөт тарабынан Жалпы жарандардын салык декларация берүү мөөнөтүн 2014-жылга жылдыруу максатында, "КР Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" түзөтүү киргизүү сунушталып жаткандыгын билдирди. Анткени, жалпы жарандар 2012-жыл үчүн 2013-жылдан тарта декларация бере баштоого тийиш эле, бирок өкмөттүн ал иш-чарага карата азырынча даярдыгы жетишсиз, даярдык көрүү иштери быйыл жыл аягына чейин толук аяктоого тийиш.

Талкуу жүрүшүндө депутаттар тарабынан салыктык декларация ээсинин берген маалыматтары сыр катары сакталууга тийиш экендиги белгиленди. Муну менен салык кызматынын жетекчиси макул болду, бирок мыйзамда камтылып калгандыктан, саясий кызматтагы адамдар ал катмарга кирбейт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД