Соцфонддун 2013-жылдагы киреше бөлүгү 34 млрд 239 млн сомду түздү

КР Социалдык фондунун төрагасы Мухаммедкалый Абулгазиевдин берген маалыматына караганда, Соцфонддун 2013-жылдагы киреше бөлүгү 34 млрд 239 млн сомду, чыгаша бөлүгү 35 млрд 760 млн сомду түзөт. Ал эми каржы тартыштыгы 1 млрд 521 млрд сом көлөмүндө болоору болжолдонууда. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин 14-январда болгон жыйынында билдирген. Жыйында "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2013-жылга бюджети жана 2014-2015-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзамдын долбоору каралды, - деп билдирет Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы.

2013-жылдын май айында жарандардын пенсиясы орто эсеп менен 10 пайызга көтөрүлүп, ал азыркы орточо 4270 сомдон 4696 сомго чейин жогорулоого тийиш. Ошону менен бирге, Соцфонд төрагасы бюджет таңсыктыгы 2012-жылдын жыйынтыгында түзүлүүчү 1,5 млрд сом бюджеттин профицит каражаты менен жабыла тургандыгы болжолдонуп жаткандыгын билдирди.

Тармактык комитеттин төрагасы Ахматбек Келдибеков Соцфонддун бюджетинин долбоорун 1 млрд 521 млн сом таңсык каражаттын булагы так аныкталгандан кийин кайрадан кароо сунушун киргизди. Андан сырткары, ал пенсияны көтөрүү каражатын азырынча мыйзамга киргизбей эле, кийинчерээк кошумчаласа болорун айтты. Жыйынга катышкандар бул сунушка макул болушту.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД