Бюджеттик мекемелердин “Түндүкэлектрге” болгон карызы бир жылда эки эсе өстү

2013-жылдын 1-январына карата колдонулган электр энергиясы үчүн кардарлар "Түндүкэлектр" бөлүштүрүүчү компаниясына 347 млн 375 миң сом карыз. Бул тууралуу компаниянын басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бюджеттик уюмдардын карызы салыкты эсепке албаганда 64 млн сомду түзөт. Өндүрүш тобундагы кардарлардын карызы 21,5 млн сом, калган түрдүү катмардагы колдонуучулар 78,4 млн сом, айыл-чарба тармагынын колдонуучулары 4,2 млн сом карыз.

Ал эми 2013-жылдын 1-январына карата калктын болгон карызы 179,2 млн сом. 2012-жылдын башына салыштырганда калктын карызы быйыл 25,3 млн сомго азайган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД