2012-жылы “Түндүк электр” компаниясы 4 млрд сомдон ашык каражат чогулткан

2012-жылы "Түндүк электр" бөлүштүрүү компаниясына 5 млрд 769 млн кВт саат электр энергия келип түшкөн. Бул 2011-жылга салыштырмалуу 425 млн кВт саатка көбүрөөк. Өткөн жылы "Түндүк электр" ААКтын товардык продукциясы 4 млрд 5 млн сомду түздү. Анын ичинен жылдын жыйынтыгы боюнча 4 млрд 33 млн сом чогулду, же болбосо жарыяланган сумма 100,7 %.

2012-жылдын жыйынтыгы боюнча электр энергиянын жалпы жоготуулары 22% түздү. Ал эми 2011-жылга салыштырмалуу электр энергияга болгон жоготуулар 1,5% төмөн. 2012-жылга калктын төлөм чогулуму 101,4 % аткарылды, өнөр жай объекттери-100,5 %, бюджеттик мекемелер- 99,9 %, айыл чарба объекттери- 102,3%, башка пайдалануучулардын коюлган суммадагы чогулуму -99,9 % түздү.

"Түндүк электр" ААК тейлеген аймактар төлөм чогулуму төмөндөгүдөй: борбордо- 100,4 %, Чүй областында – 100,8 %, Талас областынын көрсөткүчү – 103 %.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД