Төрага Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын эксперти менен жолугушту

Бүгүн, 15-январда, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын (ЕКПА) эксперт-баяндамачысы Мевлют Чавушоглу менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргызстандын ЕКПА алдында "Демократия боюнча өнөктөш" статусун алууга берген өтүнүч катына тиешелүү маселе жана өз ара кызматташтык келечеги талкууланды. Жогорку Кеңештин өтүнүчү 2011-жылы берилген, ал эми 2012-жылы Мевлют Чавушоглу аталган маселе боюнча баяндамачы болуп дайындалган.

Жээнбеков Кыргызстан ЕК Парламенттик ассамблеясы менен өнөктөш болууга чоң маани берерин баса белгилөө менен, Жогорку Кеңештин өтүнүчү ЕКПА тарабынан оң чечиле тургандыгына үмүт байлап жатканын билдирди. Пикир алышуу жүрүшүндө төрага Кыргызстан парламенттик демократияны өнүктүрүү жолунда алгачкы кадамдарды таштап жаткандыгын жана ал парламенттик тутуму өнүккөн өнөктөш өлкөлөрдүн колдоосуна муктаж экенин белгиледи.

Өз кезегинде ЕКПА эксперт-баяндамачысы Чавушоглу демократиялык өнүгүү, адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо жолун тандап алган Кыргызстандын андай ниетин колдой турганын айтты. "Кыргызстандагы туруксуздуктун өтө кыйчалыш мезгилинен кийин өлкө парламенти менен президентин шайлоо өнөктүгү өттү. Парламенттик шайлоо натыйжасында ушу тапта Кыргызстанда көп партиялуу система калыптанып, президенттик шайлоодон кийин өлкөдө саясий туруктуулук орноду", - деген оюн билдирди Чавушоглы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД