ӨКМ 2012-жылы кайсыл социалдык объектерди оңдогонун билдирди

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин 15-январда өткөн жыйынында "КР Өкмөтүнүн республикадагы табигый кырсыктардын турак жайларга жана социалдык объектилерге тийгизген кесепетин жоюу боюнча иш чаралар жөнүндө" Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат комитетинин 2012-жылдын 25-сентябрында кабыл алган чечиминин аткарылышы тууралуу маселе каралды. Бул токтомундун алкаганында кандай иштер жасалгандыгын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов тааныштырды.

Маалыматтарга ылайык, Чүй облусундагы Москва районуна караштуу Ак-Торпок айыл аймагындагы Ленин атындагы орто мектеп табият кырсыгынан жабыркап, чатырын кайра жабууга туура келген. Мектепти чатырлоого ӨКМ тарабынан 80 даана шифер бөлүнүп берилген. Ысык-Көл облусунда жардамга муктаж социалдык объект аныкталган эмес. Таласта болсо Манас районундагы Жайылган орто мектебинин капиталдык ремонтуна деп 120 миң сом бөлүнүп, ремонт иштери аяктап, 2012-жылдын 1-сентябрында пайдаланууга берилген. Нарын облусу боюнча 4 объект жаратылыш кырсыктарынан жабыркап, алардын кайра куруу иштерин талап кылгандары да бар. Маселен, Ак-Талаа районундагы Кызыл-Белек орто мектеби авариялык абалда тургандыктан, 350 орундук жаңы мектепти куруу муктаждыгы жаралууда деп белгиленген, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги даярдаган маалыматтарда.

"Социалдык объектилердин маселеси бир башка болсо, калктын турак-жайынын жараксыз болуп калышы дагы өзүнчө көйгөй",- деп билдирген Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Дамира Ниязалиева. Учурда үй-жайы табият кырсыгынан кыйрап калган жарандарды чатырлар менен камсыздап коюп, кайра аларды туугандарынын үйлөрүнө жайгашкыла деген кеңеш берүү менен маселе чечилбестигин депутат сынга алды.

"Бюджетти карап жатканда табият кырсыгынын залалдарына артыкчылык берип, тийиштүү каражат камсыздалбаса кырдаал кыйындап турат. Айталы, Ак-Талаада суу каптоодон тамдары жарабай калган тургундар ссуда ала электе кайрадан алардын үйлөрү жер титиреп кыйрап калды. Баш аламандыкка жол бербей, сертификат таратууда маселени кылдат караш керек",- деген депутат Дамира Ниязалиева өзгөчө кырдаалдар министрлигинин келтирген маалыматтарына канааттанган жок.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин 2012-жылдын 25-сентябрындагы чечиминин аткарылышы тууралуу маселе канааттандыраарлык эмес деп табылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД