Бүгүн Аламүдүн районунун бир катар айылдарында жарык өчүрүлөт

Бүгүн, 16-январда, саат 9-00дөн 17-00гө чейин Аламүдүн районуна караштуу Учхоз, Садовое айылдарында, Восток айылынын бир бөлүгүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ААКтын басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Ф-Живпром" тараган 6 кВ электр зымдарын оңдоо иштерине байланыштуу жарык өчүрүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД