Сууктан улам электр подстанциясынын ичине кирген селсаяктар ток тартып өлүшүүдө

Январь айында эле электр подстанцияларынын ичинен кирип кетип, эки киши каза болгон. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынын басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, селсаяктар сууктан коргонуш үчүн ачык трансформатордук көмөкчордондун ичинен кирип түнөшүп, анысы аз келгенсип түстүү электр жабдыктарын да уурдап кетишүүдө.

Январда электр желелердин коркунучтуу барчаларына өз алдынча кирип, эки киши каза болду. 13-январдан 14-январга караган түнү Сокулук районундагы Ново-Павловка айылынын Свердлов көчөсүнүн тургундары электр энергиясынын жоктугун айтып, Сокулук ЭТРинин кызматкерине чалган. Ошол замат ыкчам жүрүүчү топ табыштама түшкөн жерге барышкан. Электриктер №314 трансформатордук көмөкчордондун 10 кВ бөлүштүргүч түзмөгүнүн эшиги ачык экенин көрүшүп, ситемалык кулпу салынган эшиктин жанынан токко тартылып өлгөн белгисиз эки кишинин сөөгүн табышкан. Окуя болгон жерге Сокулук районунун ички иштер органы да чакырылган.

"Түндүкэлектр" ААКы жогорку вольттогу зымдарга 2 метр жакындаганда деле ток тартышы мүмкүндүгүн эскертет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД