Депутаттар Жогорку соттун төрт жаңы судьясын шайлашты

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 16-январдагы, жыйынында депутаттар Жогорку соттун төрт судьясын шайлашты. Бул тууралу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Эскертсек, өткөн жылдын 29-декабрында парламенттин жыйынында Жогорку соттун судьялыгына Анархан Базаралиева, Болотбек Батыралиев, Айнаш Токбаева, Памир Жумагуловдун талапкерлиги талкууга алынып, аларды шайлоо кийинкиге калтырылган болчу.

Электрондук жашыруун добуш берүү жыйынтыгында Анархан Базаралиева 70 добуш менен, Болотбек Батыралиев 88 добуш менен, Айнаш Токбаева 72 добуш менен, Памирдин Жумагулов 82 добуш менен КР Жогорку сотунун судьялык кызмат ордуна шайланды.

Жаңы шайланган Жогорку соттун судьялары салтанаттуу ант беришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД