2012-жылы Кыргызстанга 26 миң тоннадан ашык мөмө-жемиш алынып келген

Санитария, ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы карантин алдындагы товарлардын экспорту жана импорту тууралуу 2012-жылдын апрелинен тарта декабрына чейинки маалыматты жарыялады.

Маалыматка ылайык, алыскы чет мамлекеттен жана КМШ мамлекеттеринен келген 108 тоннадан ашык урук жана отургузуучу материал жана 159 тоннадан ашык азык-түлүк фитосанитардык көзөмөлдөн өткөн.

2012-жылы Кыргызстанга Эквадор, Түркия, Кытай, Түштүк Африка Республикасынан, Тажикстан жана башка мамлекеттерден 26,5 тонна жемиш (банан, мандарин, апельсин, киви, алма, лимон, жүзүм ж.б.) алынып келген. Ошондой эле Кытай жана Тажикстандан эки миң тоннадан ашык жашылча (помидор, чеснок, бадыраң, калемпир, капуста) алынып келген.

Андан сырткары Кыргызстан алыскы чет мамлекеттерге жана КМШ өлкөлөрүнө урук жана отургузуучу материалдарды (26 миң даанадан ашык) экспорттоп жана116 миң тоннадан ашык азык-түлүктү саткан. Казакстан, Орусия жана Түрмөнстанга 25 миң тоннадан ашуун жашылча экспорттогон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД