«Мугалимдин статусу жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Президент Алмазбек Атамбаев "Мугалимдин статусу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Жогорку Кенеш тарабынан 2012-жылдын 13-декабрында кабыл алынган.

"Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" мыйзамдарга ылайык келтирилип, пайдаланылган терминдер такталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД