Машыктыруучуларды социалдык коргоого багытталган мыйзамга толуктоо киргизилди

Президент Алмазбек Атамбаев "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу кол койду. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам дене тарбия жана спорт мекемелеринин машыктыруучу-окутуучуларын социалдык жактан коргоону жакшыртууга багытталган.

Мыйзамда дене тарбия жана спорт мекемелеринин машыктыруучу-окутуучуларына педагогикалык стажы үчүн кошумча акы төлөө тууралуу жобону "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" мыйзамында бекитүү каралган. Азыркы учурда жогоруда аталган кошумча акы машыктыруучу-окутуучуларга "Билим берүү жөнүндө" мыйзамына ылайык эсептелет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД