Бишкектин батыш тарабында электр жарыгы 7 саатка өчөт

Бүгүн, 17-январда, саат 10-00дөн 17-00гө чейин борбордун батыш тарабындагы Земледелия институтунун районунда, чектелген көчөлөрдүн төрт чарчысы Фучик, Дэн Сяопин, Интергельпо, Москва көчөлөрүндө электр энергия өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ААКтын басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өчүрүү иштери "Кыргызстандын улуттук электр тармактар"ААК жана "Түндүк электр" ААК жогорку вольттогу "Ново-Южная", "Западная" көмөкчордондорунда оңдоо иштери болгондугуна байланыштуу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД