Мелис Мырзакматов: Чек ара маселесин толук чечүү маалы келди

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов "Азаттык" радиосунун "Интернет эрөөл" программасынын түз эфири учурунда окурмандар тарабынан берилген чек ара маселеси боюнча суроого жооп берип атып, чек ара маселесин толук чечүү учуру келгенин кошумчалады.

"Ош шаарынын мэриясы өкмөттүн мүчөсү. Ош шаары коңшу мамлекеттер менен чектешпейт. Ошондуктан чек ара боюнча маселелерди компетентүү органдарга берсе, ошолор так жооп берет болуш керек. Ошентсе да менин жеке оюмда чек ара маселелерин толук чечүү убактысы келди", - дейт ал.

Ал ошондой эле учурда Ош шаар бийлиги моно кварталдардын ордуна түрдүү улуттардын өкүлдөрү жашаган аралаш кварталдарды куруу боюнча аракеттерди көрүп атканын белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД