Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бардыгы жылуулук системасына кошулат

"Ош шаарындагы бардык көп кабаттуу үйлөр жылуулук берүү системасына кошулат". Мындай билдирүүнү Ош шаарынын мэри "Азаттык" радиосунун "Интернет эрөөл" программасынын түз эфиринде билдирди.

"Жалпысынан Ош шаары боюнча 198 үй жылуулук берүү системасынан ажыратылган. Алардын 98 жылуулук системасына кошулду. Дагы 3 үй жаңы жыл алдында кошулду. Калган көп кабаттуу үйлөр эки этап менен жылуулук берүү системасына кошулат. Буюрса баары кошулат",- дейт ал.

Андан сырткары Мырзакматов окурмандардын "Бишкек шаар мэри менен болгон мамилеңиз кандай?" деген суроосуна жооп берип жатып, "Иса Шейшенкулович менен мамилебиз жакшы", - деп жооп берди.

"Сары басылмалар ар кандай жазып, Иса Шейшенкулович экөөбүздү каршылаш катары көргөзүүгө аракеттер болуп атат. Мен айтат элем экөөбүздүн мамилебиз жакшы. Ал киши менен парламентте да чогуу иштеп калдык. Быйыл жайында ал мени жайлоого кымызга чакырганы атат. Менимче аймактар ортосунда жандуу атаандаштык болушу керек", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД