“Улуттар биримдиги” партиясы Кыргызстанда болчу бардык саясый иш-чарага катышат

"Улуттар биримдиги" саясый партиясы болочокто Кыргызстанда боло турчу бардык саясый иш-чараларга катышат",- деп "Азаттык" радиосунун "Интернет эрөөл" программасынын түз эфиринде Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов билдирди.

Ал ошондой эле окурмандардын "Ош шаарындагы "Кристал" заводу качан бузулат?" – деген суроосуна, "ал заводдун жанында базар бар, ошол бузулгандан кийин кезек "Кристалга" келет", - деп жооп берди.

Ал ошондой эле окурмандын "Ош окуясынын кайталанбашы үчүн эмне кылуу керек?" деген суроосуна жооп берип атып, Ош окуясы деп айтуу туура эмес экендигин айтты. "Аны июнь окуялары деп айтса туура болот. Алгач башка аймактарда баш аламандыктар башталып, анын эпкини Ошко тийди. Мындай окуянын кайталанбашы үчүн комплекстүү иш чараларды кабыл алыш керек. Азырынча андай иш чаралар мамлекеттик деңгээлде болгонун көргөн жокмун. Болгону косметикалык жөнгө салуу иштери болду", - деди Ош шаарынын мэри.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД