Сох анклавында түзүлгөн кырдаал боюнча токтом долбоорун комитеттер иштеп чыгат

Жогорку Кеңеш жыйынында Баткен облусу менен Өзбекстандын Сох анклавынын чек ара аймагында болгон окуя, анда түзүлгөн кырдаалды турукташтыруу маселелери премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин катышуусунда жабык эшик артында каралды. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, Баткен облусунан келген жергиликтүү калк өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Талкуунун жыйынтыгында аталган маселе боюнча Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун парламенттин Коргоо жана коопсуздук, Эл аралык иштер, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш, Бюджет жана финансы боюнча комитеттеринин биргелешкен жыйынында иштеп чыгуу чечимине келишти.

Кыргызстандын "Чарбак" чек ара тосоту менен Өзбекстандын Сох анклавында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча депутаттык жумушчу топтун мүчөсү Улугбек Кочкоровдун айтымында, талкуу жүрүшүндө Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору боюнча депутаттардан жыйырмадан ашуун сунуш түшкөн. Алар 18-январда өтө турган төрт тармактык комитеттин биргелешкен жыйынында каралган соң, Жогорку Кеңештин 19-январда өтүүчү кезексиз жыйынында талкууланат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД