Бишкектин батыш тарабында бүгүн электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, 18-январда, саат 9-00дөн 17-00гө чейин борбордун батыш тарабы – Ош базар аймагында, Заводской поселокто, ошондой эле Сокулук районуна караштуу Романовка, Сокулук, (Первомайская, Восточная көчөлөрүндө, МТФ-1, МТФ-2), Шалта айылдарында, Шопоков шаарчасында (Жаңы конуш, Геологдор поселогу) Манас, Комсомольская, Раздольная айылдарынын бир бөлүгүндө электр энергия үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" компаниясынын басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Кыргызстандын улуттук электр тармактар" ААК жогорку вольттогу "Ботбаева" трансформатордук көмөкчордонунда жана "Түндүк электр" ААК "Западная" көмөкчордонунда, "Манас" көмөкчордонунан тараган 10 кВ аба электр зымдарында оңдоо иштерин жүргүзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД