2012-жылы дебитордук карызы үчүн 243 миң кардардын электр энергиясы өчүрүлгөн

2013-жылдын 1-январына карата "Түндүкэлектр" бөлүштүрүү компаниясынын кардарларынын электр энергияга болгон карызы 347 млн 375 миң сомду түзөт. Бул тууралуу компаниянын басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, компания карыздарды өндүрүп алуу үчүн сотко такай кайрылат.

2012-жылы "Түндүкэлектр" 2 114 кардардан дебитордук карызды өндүрүп алуу үчүн сотко кайрылган. Алардын ичинен 417 доо арыз өнөр-жай ишканалар боюнча, ал эми Бишкек шаары, Талас, Чүй областтарынын тургундары боюнча 1 697 доо арыз сотко жиберилген. Соттун чечими менен өнөр-жай ишканалардан 31,6 млн сом, ал эми тургундардан 4,2 млн сом өндүрүлүп алынган.

2012-жылы дебитордук карызы үчүн 243 миң кардардын электр энергиясы өчүрүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД