Тараз-Талас-Суусамыр жолун калыбына келтирүү үчүн Ислам банкы $10 млн берет

Бүгүн Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында КР өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын, КР менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Тараз-Талас-Суусамыр автожолунун III-фазасын (75-105 чакырым) реконструкциялоо долбоору боюнча кредиттик макулдашуулардын долбоорлору талкууланды.

Финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун айтымында, Ислам банкы аталган жолду бүткөрүү үчүн 25 жылдык мөөнөт менен 10 млн доллар жеңилдетилген насыя каржы берүүдө. Насыя каражатын тейлөө кызматы үчүн Кыргызстан 500 миң доллар гана насыя үстөгүн төлөп берүүгө тийиш. Келишимде жолду 3 жыл ичинде бүткөрүү каралган.

Мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД