Алмазбек Атамбаев Барак Обаманы куттуктады

Президенти Алмазбек Атамбаев Америка Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обаманы экинчи ирет президенттик кызматка киришүүсү менен куттуктады. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтын саясат бөлүмү билдирди.

Президенттин куттуктоосунда: "Америка Кошмо Штаттарынын президенти кызматына киришип жаткандыгыңызга байланыштуу менин чын жүрөктөн куттуктоомду кабыл алыңыз. Өткөн шайлоонун жыйынтыгы АКШнын жарандарынын Сизге абдан зор ишеними бар экенин күбөлөдү. Бул ишеним Сизге ички жана тышкы саясат боюнча Сиздердин өлкөнүн алдында турган мерчемдерди ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн күч берерине ишенем,- деп жазылат.

"Кыргыз Республикасы демократиялык реформаларды жүргүзүүдө жана биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууда Америка Кошмо Штаттарынын жардамын жана олуттуу колдоосун жогору баалайт. Кыргыз-америкалык эки тараптуу кызматташуунун чектелбеген потенциалы мындан ары да биздин өлкөлөрдүн элдеринин жыргалчылыгынын урматына чыңдала берет деген үмүттөмүн".


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД