Бүгүн Аламүдүн районундагы 3 айылда жарык 8 саатка өчөт

Бүгүн, 23-январда, саат 9-00дөн 17-00гө чейин Аламүдүндөгү Васильевка, Берлик, Гроздь айылдарында электр энергия өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" компаниясынын басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Берлик" көмөкчордонунан тараган 10 кВ электр зымдарында оңдоо иштери жүргөндүктөн электр жарыгын берүүдө чектөө киргизилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД