Диний билим берүү боюнча мыйзам Муфтиятта талкууланды

Медреселерде жана мектептерде диний билим берүү боюнча мыйзамдын долбоору 22-январда Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгында талкууланды. Талкууга Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жайгашкан медреселердин мүдүрлөрү, Кыргыз Ислам университети менен Муфтияттын тиешелүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты. Бул тууралуу КМДБнын басмасөз кызматы билдирди.

Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын Мечит-медресе жана диний билим берүү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Жусуп Балтабаев долбоор жарым күндөй талкуулап, 15тен ашык сунуштар киргизилгенин кошумчалады. "Бул сунуштар тиешелүү иш-кагазы катары Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга жиберилет", – дейт ал.

Эскертсек, "Диний билим берүү жана диний окуу жайлары жөнүндө" мыйзам долбоорун депутат Каныбек Осмоналиев жетектеген Жогорку Кеңештин комитети иштеп чыккан. Бул долбоор бардык кызыкдар топтордун отурумдарында талкууланууда. Үстүбүздөгү жылдын 30-январында Бишкек шаарында бул теманын алкагында конференция өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД