Жогорку Кеңеште акыйкатчылык орунга 16 жарандын талапкерлиги каралууда

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 23-январдагы, жыйынында учурдагы акыйкатчынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы кызмат ордуна 16 жарандын талапкерлиги каралууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Жыйында адам укугу, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин төрагасы Эркинбек Алымбеков сунушталган талапкерлер боюнча баяндама жасады.

Анын айтымында, аталган кызмат ордуна талапкер катары 20 жаран кайрылган. Бирок, профилдик комитеттин жыйынында алардын бирөө өзүнүн талапкерлигин чакыртып алган. Дагы бир талапкер 66 жашка чыккандыктан, мыйзамда көрсөтүлгөн талапка ылайык (65 жаш деп чек белгиленген) келбегендиктен, дагы 2 талапкердин тиешелүү документтери жоктугуна байланыштуу өткөн жок. Натыйжада Жогорку Кеңештин кароосуна акыйкатчылык кызмат ордуна 16 жарандын талапкерлиги сунушталууда.

Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштаган талапкерлер:

1. Азиза Абдирасулова;

2. Темирбек Арымбаев;

3. Ашыркул уулу Токторбек;

4. Бакир уулу Турсунбай;

5. Токтокан Боромбаева;

6. Дмитрий Кабак;

7. Марат Кайыпов;

8. Чолпон Койчуманова;

9. Маматурайым Момунов;

10. Элмира Мырзабекова;

11. Акылбек Сариев;

12. Нурдин Сулайманов;

13. Айчурек Тазабекова;

14. Иса Токоев;

15. Акин Токталиев

16. Турсунбек Акун.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД