Булак: Оторбаев менен Аткинсондун “Кумтөр” боюнча жолугуушусунан жыйынтык жок

Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министринин алтын казуучу канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынын президенти Ян Аткинсон менен болгон жолугушуусунан майнап чыккан жок. Бул тууралуу өкмөттөгү жогорку кызматтагы атка минер "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, "жөн гана жолугушуу" болгон. Кандайдыр бир расмий сүйлөшүүлөр азырынча жок.

"Азырынча эч кандай жыйынтык жок", - дейт атка минер.

Эскертсек, жеке булактардан маалым болгондой Centerra Gold Inc. компаниясынын президенти Ян Аткинсон ушул жумада Бишкекке келип кеткен. Анын келиши "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКтын ишмердигин текшерүүгө алган мамлекеттик комиссиянын чыгарган отчетуна байланыштуу деп айтылууда.

Ян Аткинсон биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен жолуккан. Аны өкмөттөн негизги өкүл катары дайындашкан. Ал эми премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушуу болгон эмес.

Өкмөттөн билдиргендей мамлекеттик комиссиянын ишинин отчетун министрлер кабинети январь айында кароону пландап атат. Жеке булак билдиргендей өзүнүн позициясын аныкташ үчүн азыр өкмөткө кыйын болууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД