Бишкек шаардык сотунун жаңы курамы ишке киришти

Бүгүн, 23-январда,КР Жогорку сотунда жаңы шайланган Бишкек шаардык сотунун судьяларынын ант берүү расмий аземи болуп өттү. Бул тууралуу Жогорку соттун басмасөз кызматы билдирди.

Иш чараны Жогорку соттун төрайымы Феруза Джамашева ачты. Бишкек шаардык сотунун жаңы судьялары Жогорку соттун судьяларынын катышуусунда ант беришти.

Регламентке ылайык шайланган судьялар бүгүн жыйынын өткөрүп, төрага жана анын орун басарларын шайлашат.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев 2013-жылдын 17-январында Бишкек шаардык сотунун судьяларын дайындоо боюнча жарлыгына кол койгон.

Бишкек шаардык сотунда 28 судья болушу керек. Алардын 21и шайланды, дагы 7 бош орун бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД