Бакир уулу менен Акун КР Акыйкатчысын шайлоонун экинчи айлампасына чыкты

Турсунбай Бакир уулу менен Турсунбек Акун КР акыйкатчысын шайлоонун экинчи айлампасына чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Талапкерлерге бюллетень аркылуу жашыруун добуш берилди.

Белгилей кетсек, учурдагы акыйкатчынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, акыйкатчылык кызматка 6 жаран талапкерлигин көргөзгөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгы мындай болду:

1. Азиза Абдирасулова – 1 добуш

2. Темирбек Арымбаев – 1 добуш

3. Токторбек Ашыркул уулу – 2 добуш

4. Турсунбай Бакир уулу – 20 добуш

5. Токтокан Боромбаева – 4 добуш

6. Дмитрий Кабак – 4 добуш

7. Марат Кайыпов – 8 добуш

8. Чолпон Койчуманова – 4 добуш

9. Маматурайым Момунов – 13 добуш

10. Элмира Мырзабекова – 4 добуш

11. Акылбек Сариев – 5 добуш

12. Нурдин Сулайманов – 4 добуш

13. Айчүрөк Тазабекова – 0 добуш

14. Иса Токоев – 2 добуш

15. Акин Токталиев – 2 добуш

16. Турсунбек Акун – 20 добуш

Ошентип, шайлоонун алгачкы айлампасында 20 добушка ээ болушкан Турсунбай Бакир уулу менен Турсунбек Акун КР акыйкатчысын шайлоонун экинчи айлампасына чыкты. Акыйкатчыларды шайлоонун экинчи айлампасынын жолжоболору улантылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД