Ош облусунда жылыткыч жарылып, эки жаштагы кыз каза болду

Кечээ, 6-февралда, Ош облусунда май куюлчу жылыткыч жарылып, балдар жапа чеккен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери билдирди.

Маалымдалгандай, ата-энеси балдарын үйга жалгыз калтырып, камап кеткен. ӨКМнын кызматкерлеринин айтымында, үйдө май куюлчу жылыткыч жарылган. Анын кесепетинен май бөлмөнүн ичине чачырап, үйдө өрт чыккан.

Эки жаштагы кыз алган жарааттан ошол жерде эле каза болгон. 2009-жылы туулган бала ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын абалын оор деп баалашууда. Баланын 40% териси күйүп, 1-2 деңгээлдеги күйүк алган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД