Бишкектеги үйлөрдүн баасы акыркы үч жылда 15-20%га кымбаттаган

Кыймылсыз мүлктүн колдон колго сатылуусунун көлөмү 2012-жылы 949 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда, Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо департаментинин аналитиги Айдар Сукенбаев билдирди.

Ал бул сумма Кыргызстандын ички дүң продукциясынын 17%ын түзөт. Андан сырткары ал акыркы үч жылда Бишкектеги турак-жайга болгон баа 15-20%га көбөйгөнүн белгиледи.

"Биринчи кварталда бир чарчы метр үйдүн аянты 35,9 миң сом деп бааланса, экинчи кварталда 35 миң 132 сом болгон, үчүнчү кварталда 39 миң 908 сом болсо, төртүнчү кварталда орточо эсеп менен 41 миң 799 сом болгон",- дейт аналитик.

Сукенбаев Бишкекте үйдүн бир чарчы метри орто эсеп менен 802 доллар экенин кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД