"Абдыш-Ата" кышкы биринчиликти сегиз жолку чемпион "Дордойдон" утуп алды

Футбол боюнча Чүй облусунун кышкы мелдештеги биринчилиги соңуна чыкты. Чемпионат жогорку, биринчи жана экинчи лигадагы командалар арасында өттү.

Кыргызстандын футбол федерациясынын билдиргенине караганда, финалга Канттын "Абдыш-Атасы" жана Бишкектин "Дордой" командалары чыгышкан. Матчтын негизги убактысында эч ким артыкчылыкка жетишкен жок. Ал эми пенальти сериясында ийгиликти абдышаталыктар сууруп чыгышты. Ошондой эле матч учурунда "Дордойдун" капитаны Руслан Сыдыков агрессивдүү жүрүм-туруму үчүн оюндан чыгарылган.

Үчүнчү орун үчүн мелдеште борбордук "Алга" командасы минималдуу (1:0) эсеби менен канттык "Наше пиводон" утуп чыгышты.

Чемпионаттын мыкты бомбардири деп жаш Александр Семкин аталды, ал 6 топту киргизүүгө үлгүргөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД