Жалал-Абад шаарында эки биринчи-вице мэр кызматы пайда болду

Кечээ КР өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Абдыкадыров жаңы шайланган шаар башчысы Арапбаевди шаар активине тааныштырды. Ошону менен бирге жаңы мэр менен кошо жаңы биринчи вице – мэр кызмат ордуна Таирбек Чойбековдун дайындалганы мэриянын аппараттык жыйынындагы катышуучуларга тааныштырылды. Бул тууралуу эркин журналист Майрамбек Адылбеков "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абад шаардык мэриясында экономикалык маселелер боюнча биринчи вице-мэр кызматында Урмат Маматов жана коммуналдык иштер боюнча биринчи вице-мэр болуп Чойбеков Таирбек да иштей турган болду. "Ал эми шаардын коммуналдык чарба боюнча маселелерди тейлеп келген мурдагы вице-мэрлик кызмат орундугу эмнеге биринчи-вицелик деңгээлге көтөрүлгөндүгүн жаңы калаа башчысы шаарга суу түтүктөрүн жаңылоо боюнча ири долбоор келе жаткандыгына байланыштуу деп түшүндүрдү", - дейт ал.

Жаңы дайындалган биринчи-вице мэр Чойбеков буга чейин "Ата Журт" партиясынан шаардык кеңеште депутат жана областтык футбол федерациясын жетектеп келген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД