Профессор Калиев "Ротофарм" компаниясы менен соттошууга даяр экендигин билдирди

"Мен "Ротофарм" компаниясы менен соттошкондон коркпойм, себеби чындык мен тарапта", - деген пикирин бүгүн, 26-февралда, Нефрологдор илимий коомунун төрагасы, профессор Рысбек Калиев билдирди. Бирок жеке өзүнө арыз келе электигин белгилей кетти.

Калиевдин айтымында, ал "эч качан дары препараттары тууралуу мындай чуулгандуу ишке кийлигишүүнү пландаган эмес". Аны бейтаптын коопсуздугу гана кызыктырат.

"Профессионал катары, репретин препараты өтө кооптуу натыйжаларга алып келээрин айтпай кое алган жокмун. Бул иммундук гени бар биологиялык препарат. Башкача айтканда, анемия күчөшүп гана кетиши мүмкүн. Андай учурда андан да кымбат эритропоэтин препараты керектелет. Ошол эле учурда тромбоз, инфаркт, инсульт, кан басымынын көтөрүлүп кетүүсү жана башка терс көрүнүштөр болуп кетиши мүмкүн. Бизге эмне препарат берип жатканын билген эмеспиз. Фирма тууралуу жаман айткым келбейт, болгону оригинал менен аналогун салыштырып жатам. Бирок медицина далилдөөчү болуш керек. Эгер бир эле бейтапта өтө коопту көрүнүштөр байкалса, препаратты берүүнү токтотуу зарыл", - деди ал.

Нефрологдун маалыматына ылайык, препараттын кымбаттыгы тууралуу сөз кылбай эле койгон оң. Убакыттын өтүшү менен аны колдонуу арзанга түшөт, себеби препаратты колдонуу көлөмү төмөндөйт.

Эске салсак, "Ротафарм" фармацевтикалык компания Калиевге соттук иш козгоо менен коркутуп, үч күндүк мөөнөттө алардын продукциясы тууралуу билдирүүсүн артка алуусун талап кылып, доо катын жөнөтүшкөн. Алардын пикиринде, профессордун мындай сөзү чындыкка туура келбейт жана компаниянын коом алдындагы абройуна шек келтирип жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД