Оренбургтагы кыргыздар эмгек мигранттары үчүн консультация беришет

Орусияга жумушка келгенге чейин мекендештерге консультация берип жана жардам көрсөтүүнү Оренбургадагы кыргыздар чечишти. Бул маселе менен "Ала-Тоо-Оренбург" кыргыздардын улуттук борбору" коомдук уюму алектенет. Орусия жергеси менен байланыштуу ар кандай жагымсыз жагдайлардан алысыраак болууга, КРдеги иш менен камсыз кылуу кызматтары менен иштешүү да өз жемишин берип жатат.

"Жергиликтүү кыргызстандыктардын көпчүлүгү орусиянын жарандыгын алышкан, - дейт Оренбургда 12 жылдан бери жашап келген уюмдун жетекчиси Бактыбек Кебеков. – Орто эсеп менен, бир жарым миңге жакын эмгек мигранттары бар, сезон учурунда эки миңден ашат. Мигранттардын аз санда болушу бардык келгендер менен иштешүүгө шарт түзүп, жалпы абалга көзөмөл жүргүзүп турганга ыңайлуу".

Ошондой эле Орусияга чамынып жаткандарга телефон аркылуу консультация берип, кандай документтер керектелээри жана келээри менен эмне кылуу зарылдыгын түшүндүрүп беришет.

"Ал эми кандайдыр бир зарыл маселелер пайда болуп калса, атайын тез жардам берүү фонду түзүлгөн. Мекендештердин социалдык жана юридикалык адаптациясын өзүбүздүн приоритет катары көрөбүз. Бизге кол кабыш кылган жергиликтүү бийликтерге да ыраазычылыгыбызды билдиребиз", - деп Кебеков сөзүн жыйынтыктады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД