Парламентте жаш муундун диний фанатизмге жакындыгын талкуулашты

Бүгүн, 5-мартта, "Кыргыз Республикасында диний абал жана диний билим берүү" боюнча парламенттик жыйында спикер Асылбек Жээнбеков диний билим берүү, жалпы светтик билим берүүгө тоскоол болбоосу керектигин айтты. "Медресе жана чиркөөлөрдүн тарбиялоочулару өз окуучуларын кадимки орто мектептерине жибербөөсү менен Конституцияга каршы чыгып жатышат. Бирок, көпчүлүк бул маселени талкуулагысы келбейт. Кыргызстан – бул светтик мамлекет, анын жарандары билим алууга укуктуу, - деди Жээнбеков. - Өлкөнүн диний иштерге кийлигишүүгө акысы жок болгондуктан, Кыргызстанда өтө көп диний секталар пайда болду. Алардын айрымдары өздөрүнүн идеологиялык жана экстремисттик максаттарын көздөп жатышат".

Вице-премьер-министр Камила Талиеванын айтымында, медреседеги көпчүлүк тарбиячылар исламдын негиздерин туура эмес бергендиктен, фанатизм жана экстремизмге жакыныраак болгон жаш муундар өсүп келүүдө. Бул мамлекеттик жана коомдун коопсуздугуна коркунуч туудурат. "Агрессивдүү акыбалга мыйзам деңгээлинде тыюу салуу зарыл, болбосо диний фанатиктердин саны өсө берет", - деди Талиева.

Мамкомиссиянын маалыматына ылайык, учурда Кыргызстанда Диний башкармалыкка караган 75 билим берүүчү диний мекеме бар. Бирок алардын бирөөсү дагы Билим берүү министрлигине жогорку жана ортобилим берүү үчүн лицензиял алууга кайрылган эмес. Кыргызстанда 91 диний билим берүү мекемелеринде 4 630 киши окутулат. Алардын ичинен – 1 124 он жогорку ислам окуу жайларында, 2 495 – 65 медреседе жана жети христиан окуу жайларында 51 бала билим алат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД